Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Тегерек стол: илим изилдөөнүн приоритеттүү багыттары

Көрүлдү: 0

Үчүнчү тегерек стол Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын базасында 14-октябрда саат 10:00до уюштурулду. КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, КР УИАнын президенти Жуматаев Мурат Садырбекович, академиктер, илимдин докторлору, институттардын директорлору, илим бөлүмүнүн кызматкерлери ж.б. катышышты.

post.title

Тегерек столдо айтылган ой-пикирлер жана урунттуу учурлар:

  • Улуттук илимдер академиясы менен Билим берүү жана илим министрлигинин тыгыз байланышта болуусу абзел. Көп учурдан бери карым катнаш алгылыктуу эмес.
  • Илимди каржылоонун көлөмү кошуна Тажикстанда республикалык бюджеттин 0,7 пайызын түзөт. Ошол эле учурда Тажикстан илим изилдөө рейтингинде Кыргызстандан алда канча артта турат. Бирок бизде каржылоо Тажикстанга салыштырмалуу 7-10 эсе аз. Казакстан каржылоону бир пайызга жеткирейин деп калды, Орусия бир пайыздан өттү.
  • Министрлик аркылуу каржыланган долбоорлордун конкурсуна академиядан да кабыл алуу.
  • Илим, билим жана инновациялык комплекстерди түзүү.
  • Жогорку окуу жайлары жана башка илимий изилдөө институттары менен орток тематикада иштөө жана диссертациялык кеңештерди түзүү.
  • Кандидаттык даража менен PhD даражасын бир деп кабыл алуу.
  • Улуттук илимдер академиясында дүйнөлүк импакт фактору жогору турган журналдарда жаңылык катары илимий макалалар жарыяланды, табылгалар болду. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан эч кандай реакция болгон жок.
  • Адам жана коом багыты приоритеттүү багыттардын ичинде калышы керек. Бул багыт улуттук идеология менен түздөн түз байланышта болот.
  • Академия менен жогорку окуу жайларын интеграциялоодо алдын ала принциптерди аныктап алуу абзел.
  • Илимий кызматкерлерге 1,5 ставка менен академияда иштөөгө уруксат берүү.

 

 

  • Инсандык ресурска, адам жана коомго байланыштуу болгондуктан тил жана адабият сыяктуу гуманитардык илимдер приоритеттүү бойдон калышы керек.
  • Манас жана Айтматов академиясынын түзүлүшү башында эле толук кандуу ойлонулбаган чечим болгон. Ошондуктан ушул сыяктуу кайрадан уюштуруу же ачуу учурунда терең анализге таянган чечимдер зарыл. Негизи материалдык мурастарды жайылтууга көбүнчө басым жасай турган жерде изилдөөгө кирип кетти.
  • Илимди каржылоонун деңгээлин татыктуу абалга алып келүү бирден бир артыкчылыктуу жумуш болушу керек.
  • Илимпоздор чыгармачыл жана потриот келишет. Мамлекеттик каржы булагынан башка гранттар менен да иштөө жолго коюлуп келе жатат. Ушул багытты күчтөндүрүү керек. Мамлекет бул аракеттерди колдоп импульс бериш керек.
  • Илимди каржылоонун көлөмү тиешелүү деңгээлге жеткенде гана фундаменталдык илимдерге толук багыт алсак болот. Азырынча колдонмо илимдерге басым жасап, ошол багыттагы долбоорлорду колдоо керек.
  • Илим тармагын реформалоо боюнча жол картасын даярдоодо ар бир кадамын каражат менен байланыштырып жасаш керек. Антпесе реалдуу жол картасы болбойт.
  • Илимий институттарынын ишмердүүлүгүн туура жана так баалоо үчүн жерине барып илимпоздор менен жолугуп туруш керек (Гемба).
  • Илим боюнча саясат жүргүзгөн кишилердин илимге болгон көз карашы оң болсо бул тармакта ийгилик болот. Тилекке каршы бул өңүттөгү мамиле өгөй балага болгон мамиледей болууда.
  • Илимди реформалоодо жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоодо так модель менен иштөө. Жумуштарды Конституцияга дал келтирүү абзел. Анткени илимди уюштуруу - бул саясий жумуш.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин конкурсуна бардык тараптарды катыштыруу. Буга чейин Улуттук илимдер академиясы катышпай келген.
  • Стратегиялык планды 3 жылдык кылып түзүү жана ошого жараша ырааттуу иш алып баруу.
  • Илимге өмүрүн арнаган инсандар болду. Аларды баалай билүү жана илимий табылгаларды мамлекеттин натыйжалуу колдонуусу.
  • Мамлекеттик сыйлыктарды уюштурууну Министрликтин карамагына берүү катачылык болду.
  • Улуттук илимдер академиясы аныктаган алты илимий изилдөөнүн артыкчылыктуу багыттарын эске алуу.
  • Конкурста бөлүнгөн каражатка айлык гана каралган. Командировка, экпедиция, аспаптар ж.б. каралган эмес.
  • Улуттук илимдер академиясына байланыштуу укуктук актылар даярдалганда чогуу жана бирге кеңешип иш алып баруу.
  • Тамак аш коопсуздугу, химия жана биология багыттары артыкчылыктуу.
  • Улуттук илимдер академиясынын Кэмбридж университети жана Япония өкмөтү менен тыгыз илимий байланышы бар.
  • Актуалдуу болгондугуна байланыштуу Баткен боюнча регионалдык проект жүргүзүү (тарых, өсүмдүк, суу, аскердик тармак ж.б.)
  • Туризмге миллиард бөлүнөт, болбосо ал тармак көбүнчө жеке тармак. Илимге да тиешелүү маани берилсе. Жакшы деңгээлдеги каражат бөлүп, кандайдыр бир убакыт берип, андан кийин анан натыйжалар боюнча талап болсо туура болмок.
  • Советтер Союзу илимди жакшы уюштурган, азыркы тапта мамлекеттик деңгээлде туура мамиле жана уюштуруу керек болуп турат. Тармакты мониторинг кылуу менен бирге аяр мамиле кылуу керек.
  • Улуттук илимдер академиясы жана башка жогорку окуу жайларынын илимпоздору туруктуу платформада бат баттан жолугуп өзөктүү көйгөйлөрдү талкуулап турушу керек.
  • Академия илимдин уюткусу. Бул баалуулукту сактап калышыбыз абзел. Дүйнөлүк илимий чөйрө Кыргызстанды Улуттук илимдер академиясы аркылуу позитивдүү таанып келет.

ө

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар