Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим изилдөөнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо (экинчи тегерек стол)

Көрүлдү: 0

Илимдин приоритеттүү багыттарын аныктоого арналган экинчи тегерек стол Билим берүү жана илим министрлигинде 7-октябрда болуп өттү.

post.title

Тегерек столго катышкандар: Асизбаев Рустам Эмилжанович, экономика илимдеринин доктору; Кулов Кубанычбек Муканбетович; Азиз Канатбек, саясий жана юридикалык илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти; Шаимбетов Бакыт Орозбекович, Медицина илимдеринин доктору, профессор, директордун илимий иштер боюнча орун басары; Сарыбаев Акпай Шогаибович, профессор ж.б.

Приоритеттүү багыттарга байланыштуу айтылган маанилүү ой-пикирлер;

  • Медико-биологиялык изилдөөлөр
  • Тоо кен илими
  • Цифровизация (нерселердин интернети - IoT)
  • Мамлекеттин буюртма берүү механизмин өркүндөтүү
  • Илим изилдөөдөн сырткары институттардын туруктуу өнүгүүсү үчүн бөлүнгөн каражаттын жок дегенде 20 пайызын бөлүү
  • Жашыл экономикага жана инновациялык технологияларга Дүйнөлүк банк приоритет берип жатат.
  • 7-10 миң сом алып илим изилдөө жүргүзүү мүмкүн эмес. Бирок учурда илимий кызматкерлердин айлыктары абдан аз. Тез арада көтөрүү маселесин караш керек.
  • Илимий багыттарды аныктаганга жараша көп жылдык программаларды бекитип ошого жараша туруктуу иштеш керек.
  • Германия биздин фтизиатрия институту менен тыгыз иштешип буюртма берүүдө. Ушул эле ыкманы биздин мамлекет активдүү колдонушу керек.
  • Артыкчылыктуу багыттарды тармактагы конкуренция аныкташы. Базалык төлөмдөн кетиш керек. Команданы күчтөөгө, жабдыктарга, ыңгайлуу климат түзүүгө акча каражаттары багытталышы керек.
  • Жергиликтүү журналдарды Скопус базасына киргизсе болот.
  • Мал чарбасындагы изилдөөлөргө басым жасалышы керек. Анткени азык түлүк коопсуздугу маселесинде эт өндүрүү багытынын ролу чоң. 200 кг дан ашык эт берген арашан пародасы даярдалды.
  • Улуттук аттестациялык комиссиянын вебсайтында приоритеттүү багыттар боюнча маалымат бар.

https://www.youtube.com/watch?v=4UAGE96vG5k

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар