Илим изилдөөнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо (экинчи тегерек стол)
Көрүлдү: 0
Илимдин приоритеттүү багыттарын аныктоого арналган экинчи тегерек стол Билим берүү жана илим министрлигинде 7-октябрда болуп өттү.
Тегерек столго катышкандар: Асизбаев Рустам Эмилжанович, экономика илимдеринин доктору; Кулов Кубанычбек Муканбетович; Азиз Канатбек, саясий жана юридикалык илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти; Шаимбетов Бакыт Орозбекович, Медицина илимдеринин доктору, профессор, директордун илимий иштер боюнча орун басары; Сарыбаев Акпай Шогаибович, профессор ж.б.
Приоритеттүү багыттарга байланыштуу айтылган маанилүү ой-пикирлер;
- Медико-биологиялык изилдөөлөр
- Тоо кен илими
- Цифровизация (нерселердин интернети - IoT)
- Мамлекеттин буюртма берүү механизмин өркүндөтүү
- Илим изилдөөдөн сырткары институттардын туруктуу өнүгүүсү үчүн бөлүнгөн каражаттын жок дегенде 20 пайызын бөлүү
- Жашыл экономикага жана инновациялык технологияларга Дүйнөлүк банк приоритет берип жатат.
- 7-10 миң сом алып илим изилдөө жүргүзүү мүмкүн эмес. Бирок учурда илимий кызматкерлердин айлыктары абдан аз. Тез арада көтөрүү маселесин караш керек.
- Илимий багыттарды аныктаганга жараша көп жылдык программаларды бекитип ошого жараша туруктуу иштеш керек.
- Германия биздин фтизиатрия институту менен тыгыз иштешип буюртма берүүдө. Ушул эле ыкманы биздин мамлекет активдүү колдонушу керек.
- Артыкчылыктуу багыттарды тармактагы конкуренция аныкташы. Базалык төлөмдөн кетиш керек. Команданы күчтөөгө, жабдыктарга, ыңгайлуу климат түзүүгө акча каражаттары багытталышы керек.
- Жергиликтүү журналдарды Скопус базасына киргизсе болот.
- Мал чарбасындагы изилдөөлөргө басым жасалышы керек. Анткени азык түлүк коопсуздугу маселесинде эт өндүрүү багытынын ролу чоң. 200 кг дан ашык эт берген арашан пародасы даярдалды.
- Улуттук аттестациялык комиссиянын вебсайтында приоритеттүү багыттар боюнча маалымат бар.
https://www.youtube.com/watch?v=4UAGE96vG5k
Бөлүшүңүз