Көрүлдү: 0
Билим берүү жана илим министринин "Планетанын ден-соолугу адамзаттын ден-соолугу" деп айтканын утурлай Кыргыз улуттук университетинде озон катмарын коргоо күнүнө карата тегерек стол болуп өттү.
Билим берүү жана илим министринин "Планетанын ден-соолугу адамзаттын ден-соолугу" деп Нью-Йорктогу БУУнун билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде айтканын утурлай Кыргыз улуттук университетинде озон катмарын коргоо күнүнө карата тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо кызыктуу докладдар окулду. НАСА менен мындан ары да тыгыз иштешүүнүн жол картасы талкууланды. Министрликтин илимге жана инновацияга болгон көз карашы угуучуларга так жеткирилди. Студенттер, университеттин профессорлору суроо сурап талкууга активдүү катышты.