Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Кыргызстанда илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери талкууланды

Көрүлдү: 425

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Илим жана илимий техникалык саясат башкармалыгы тарабынан уюштурулган "Кыргызстанда илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери" аттуу семинар Кыргыз Республикасынын алдыңкы университеттеринин жана илимий-изилдөө институттарынын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Илим жана илимий техникалык саясат башкармалыгы тарабынан уюштурулган "Кыргызстанда илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери" аттуу семинар Кыргыз Республикасынын алдыңкы университеттеринин жана илимий-изилдөө институттарынын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Бул иш-чарага филология илимдеринин доктору, профессор, Сибирь илимдер академиясынын Жогорку мектебинин мүчө-корреспонденти, Санкт-Петербургдагы Чет тилдер институтунун ректору М.В. Пименова катышты (Россия Федерациясы).

Бул иш-чаранын максаты - Кыргызстандагы аспирантураны глобализация шартында реформалоо жана мындан аркы өнүгүүсүн талкуулоо үчүн аянтча түзүү болуп саналат.

Заманбап экономиканын, илимий чөйрөнүн жана билимдин муктаждыктарын канааттандырууда өзгөчө орунду аспирантура ээлейт. Азыркы учурда илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого байланыштуу өзүнүн стратегиялык милдетин сактоо менен, илим жаатындагы ченемдик укуктук актыларды, аларды жалпысынан ишке ашыруу шарттарына карата мамилелерди кайрадан карап чыгуу зарыл.

Педагогикалык тажрыйба көрсөткөндөй, бул ишмердүүлүктө жождордун аспирантурасына маанилүү роль таандык. Бул илимий бөлүмдөр жождордун окутуучуларын даярдоодо негизги жүктү көтөрүшөт, ошондой эле илимий багыттарды иштеп чыгууда жана илимий мектептерди чыңдоодо үзгүлтүксүздүктү камсыздайт. Кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон аспиранттар заманбап жождордун окутуучулар курамынын негизин түзөт. Буга Кыргыз Республикасынын бир катар мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жождорундагы окутуучулардын сапаттык курамын изилдөөдөгү жыйынтыктары күбө.

Бул жагдай аспирантуранын илимпоздорду даярдоодо гана эмес, ошондой эле жождорду окутуучу кадрлар менен камсыз кылууда маанилүү ролду ойногонун күбөлөйт. Демек, заманбап жождордун жана илимий мекемелердин биринчи кезектеги милдети - илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого шарт түзүү. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар