Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
“ОЙЛОМ ЖАНА ТИЛ: ФИЛОСОФИЯЛЫК АНАЛИЗ” СЕМИНАР-ТРЕНИНГИ ӨТТҮ

Көрүлдү: 896

Бүгүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин жыйындар залында “Ойлом жана тил: философиялык анализ” аталышындагы семинар-тренинг өттү.

post.title

Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу, философия илимдеринин доктору Кишимжан Эшенкулова жана жаш тилчи педагогдор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө философия илимдеринин доктору Кишимжан Эшенкулова катышуучуларга өзү даярдап келген презентациясын тартуулап, темага байланыштуу интерактивдүү талкуу уюштурду.

Семинар-тренингде ойлом менен тилдин байланышын философиялык өңүттөн ачып берүү, тилдин маанисин, маңызын жана өзгөчөлүгүн түшүндүрүү, тилди колдонууда, же үйрөтүүдө колдонулуучу методдор жөнүндө талкуу жүрүп, катышуучулар ой-пикирлери менен бөлүштү.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар