Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Wiley басмасынын өкүлдөрү Кыргызстандын ЖОЖдорун кыдырууда

Көрүлдү: 1449

26-апрелде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Wiley басмасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын илимий иштер боюнча проректорлору жана жогорку окуу жайлардын китепканаларынын жетекчилери катышышты.

post.title

27-апрелде министрдин орун басары Уланбек Мамбетакунов Wiley басмасынын өкүлдөрү Сергей Парамонов менен Айман Ашимханованы кабыл алып, Кыргызстандын ЖОЖдору менен өз ара пайдалуу кызматташтык маселелерин, илимдеги өнүгүүнүн келечегин талкуулашты.

Wiley басмасынын өкүлдөрү Кыргызстандын ЖОЖдору менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү, Wiley продукциялары тууралуу маалыматтарды жайылтуу, Wiley Online Library платформасын (академиялык жана илимий басылмалар) презентациялоо, Cochrane Library далилдүү медицинанын базасын тааныштыруу, ошондой эле жогорку окуу жайлардын китепканалары менен байланыш түзүү максатында 2022-жылдын 26-апрелинен 28-апрелине чейин баш калаанын ЖОЖдорун кыдырышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар