Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
КЭР ИЛИМИЙ ТАКШАЛМАДАН ӨТҮҮ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

Көрүлдү: 1358

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кытай Эл Республикасынын илимий борборлорунда илимий такшалмадан өтүү үчүн окумуштуулар арасында сынак жарыялайт.

post.title

Кытай тарап окуутуну өзүнө алат жана жашоо жери менен камсыз кылат. Стипендия бөлүп берүү маселеси каралып жатканын билдирет.

Илимий стажировканын мөөнөтү - 6 айдан 1 жылга чейин.

Сынакка илим жана технологиялар аркылуу жакырчылык менен күрөшүүгө аракетин жумшаган, айыл чарба, биомедицина, индустриалдаштыруу, жашыл экономика жана сейсмология тармактарындагы адистер катыша алат.

Талаптар:
- жашы - 45 жашка чейин же 5 жылдык илимий иш тажрыйба бар илимий кызматкер болуп иштеген;
- англис тилин билүү.

Сынака катышуу үчүн 2024-жылдын 20-октябрына чейин документтер Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсу, 257, 215-кабинетинде кабыл алынат.

Документтердин тизмеси:
1. сынака катышуу үчүн арыз;
2. паспорт, дипломдор, окумуштуулук даражасы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
3. эмгек китепченин көчүрмөсү;
4. СV;
5. илимий эмгектердин тизмеси.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар