Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Кыргызстанда PhD программасы боюнча илимий кадрлар даярдалууда

Көрүлдү: 1387

2022-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Кыргызстан эл аралык университетинде болуп өткөн PhD программасын өнүктүрүү боюнча семинарга катышты.

post.title

А. Абдраева ушул тапта Кыргызстанда PhD программасы боюнча илимий кадрлар даярдалып жатканын, лицензиялар берилгенин, эми аны ишке ашыруу маселелерин талкуулоо зарыл экенин айтты.

Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева жана Кыргызстан менен Казакстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышышты.

Баяндамачылар ЖОЖдордо PhD-ни киргизүүнүн азыркы абалы тууралуу сөз кылышты. Катышуучулар окутуу сапатынын деңгээлин, макала чыгаруу боюнча жигердүүлүктүн каржыланышын, колдоого алынышын талкуулап, PhD программаларын ачууга уруксат берүүнү илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик программалык-максаттуу каржылоо менен байланышта кароону сунушташты. Ошондой эле алар талаптарга жооп берген илимий жетекчилердин жетишсиздигин, PhD диссертациясы жөнүндө жобону иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар