Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илимпоздор Бишкектеги абанын сапатын талкуулашты

Көрүлдү: 1362

2022-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева азыркы учурдагы Бишкектеги абанын сапатынын абалы тууралуу кеңешке катышты.

post.title

Бул кеңеш Бишкек шаарындагы абанын сапатынын азыркы абалына баам салуунун, институционалдык мандаттарды, координациялык механизмдерди жана абанын булганышынын кесепеттерин азайтуу боюнча муниципалдык деңгээлдеги саясаттын чараларын карап чыгуунун, акыркы 15 жылдагы абанын сапаты менен байланышкан оорулардын тенденцияларын талдоонун, Бишкектеги абанын булганышынын аялдардын жана балдардын ден соолугуна тийгизген таасирин аныктоонун алкагында өткөрүлдү.

Бул мониторингге Англиядан келген окумуштуу-профессорлор Руфуз Д., Алекс Хайкенс, Эдвард Д., Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Г. Маймерова, “Манас” КТУнун “Экологиялык инженерия” кафедрасынын доценти Н. Тотубаевалар катышты.

Иштин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин иш-аракетин бириктирүү сунушталды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар