Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Министрликтин Илимий-техникалык кеңешинин кезектеги отуруму болду

Көрүлдү: 1214

2022-жылдын 17-январында министрдин орун басары Айгүл Абдраеванын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин отуруму болуп өттү.

post.title

Отурумда 2021-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин аткарылышы боюнча эксперттик жетекчилердин отчёттору жана 2022-жылга карата илимий жетекчилердин долбоорлорунун отчёттору угулду. Отурумдун жүрүшүндө тийиштүү чечимдерди кабыл алуу, илимий иштерди аткарууну башка окуу жайга которуу маселелери, ошондой эле илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди аткаруу боюнча келишимдин формасы каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар