Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
КМТУнун студенттери иштеп чыккан технологияны өндүрүшкө киргизүү укугун толугу менен өткөрүп берүү келишимине кол коюлду

Көрүлдү: 778

2021-жылдын 21-декабрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери тарабынан иштелип чыккан "Мумалак" модификацияланган кычкыл-сүт суусундугун жана "Дархан" сүт сүрмөсүн өндүрүү технологиясын өндүрүшкө киргизүү укугун толугу менен өткөрүп берүү келишимине кол коюлду. Бул продукцияны өндүрүшкө киргизүү укугун органикалык сүт продукциясы менен алектенген "Алайку Органикс" компаниясы сатып алды.

post.title

Келишимге кол коюлгандан кийин "Алайку Органикс" компаниясы бул эки продуктуну өз өндүрүшүндө кабыл алып, анын өзүнүн логотиби астында чыгарууну пландоодо.

Бул демилге КМТУнун алдындагы Билим берүү технологияларын трансферлөө борбору жана ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылды, ошондой эле Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH "Борбор Азиядагы экономикалык өсүү секторлорунда кесиптик билим берүү" долбоору тарабынан колдоого алынды.

Борбордун негизги максаты - жаңы технологияларды киргизүү аркылуу жеке сектор менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы туруктуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү.

Иш-чарага окуу жайдын ректору М. Чыныбаев, "Алайку Органикс" ЖЧК генералдык директору А. Маметжанов, PECA GIZ долбоорунун жетекчиси Д-Рольф Петер, Билим берүү технологияларын трансферлөө борборунун өкүлдөрү катышышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар