Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА ОКУМУШТУУЛАР ЖАНА ИЛИМИЙ МЕКЕМЕЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 2183

Бүгүн, 10-ноябрь – Илим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.Алтымышбаев атындагы философия институтунун башкы илимий кызматкери, т.и.к, профессор Сулайман Кайыпов жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Табигый илимдер институтунун мүдүрүнүн орун басары, химия инженерлиги бөлүмүнүн доценттин милдетин аткаруучу Эмил Омурзак уулу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.

post.title

Төш белги көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн тапшырылды. 

Мындан сырткары эл аралык илим күнүнө карата уюштурулган илимий-техникалык кѳргѳзмѳгѳ жигердүү катышкандыгы үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланды: 

-    И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык-технологиялар институту;

-    И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин биомедициналык инженерия клубдары;

-    Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Физика жана электроника факультети;

-    И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Электроника жана телекоммуникация институту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар