Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
ИЛИМДИН ӨНҮГҮҮСҮНДӨ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТИН РОЛУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 2101

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларга мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Улуттук илимдер академиясынын Президенти Канатбек Абдрахматов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору, студенттердин катышуусунда “Билим берүү жана илимдин өнүгүүсүндө жасалма интеллекттин ролу” аталышындагы республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү.

post.title

Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларга мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев катышуучуларды Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун атынан илим күнү менен куттуктап, материалдык кызыкчылыктан илимди жогору коюп, өмүр бою бир теманын үстүнөн иштеген академик, профессор, илимдин доктору, кандидаттарына ыраазычылык билдирди. 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы илимге багыт коюп, илимдин ишин күчөтүш үчүн мамлекеттик органдарга университет, илимий изилдөө институттары, диссертациялык кеңештер менен тыгыз иштөө боюнча тапшырмалар берилди. Биздин илимпоздор изилдөөлөрүн жөнөкөй тил менен элге жеткиргенге аракет кылышы керек. Изилдөөлөрдү, табылгаларды массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу бөлүшүп, илимди пропаганды кылышыбыз керек”, - деди Октябрь Капалбаев.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу илимди алдыга жылдыруу үчүн министрлик эки долбоордун үстүнөн иш алып барып жатканын айтты. 

“Быйыл 15 университеттен турган консорциум түзүлүп, Scopus базасына жазылууну камсыз кылды. Экинчиси, илимий журналдарды Scopus базасына киргизүү боюнча жигердүү аракеттер жасалууда. Бирок республикалык бюджеттин эсебинен дагы басылмаларга жазылуу аракети жигердүү ишке ашырылып, мамлекет өзү колго алышы керек”, - министрдин орун басары. 

Ошондой эле Расул Абазбек уулу  күнүмдүк жашоодо жасалма интеллектен баштап заманбап медициналык методдорго чейин илим жана технологиялык прогресс оң таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар