Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Реализация PhD докторантуры в Кыргызстане

Көрүлдү: 0

---

post.title

2021-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Эразмус Плюс программасынын колдоосу менен жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча «PhD программаларын иштеп чыгуу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалына салымын кошуу» аттуу тегерек столу болуп өттү.

Иш-чараны министрдин орун басары Айгүл Төлөковна Абдраева куттуктоо сөзү менен ачып, Кыргызстанда PhD программаларын ишке ашырууда ЖОЖдордун өкүлдөрүнө жемиштүү иш каалады.  А.Т.Абдраеванын баяндамасында бул программаны Кыргызстанда адаптациялоо зарылчылыгы, тагыраак айтканда, «Билим берүү жөнүндө» жана «Илим жөнүндө» мыйзам долбоорлорунда PhD программасын ишке ашырууда кандай механизмдер эске алынбай калгандыгы жана өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин баса белгиледи.

Тегерек столдо КР Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Г.Ж.Билбаева «Илим жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоорун сунуштап, андан соң иш-чаранын катышуучулары менен биргеликте университеттин илимине зарыл аспектилерин талкуулады жана мыйзам долбооруна конструктивдүү сунуштарды угуп, эске алды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана бизнес түзүмдөрдүн өкүлдөрү, жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык эксперттер, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча улуттук эксперттери, Кыргыз Республикасынын илимий-педагогикалык коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасында PhD программаларын ишке ашыруу 2013-жылы Европа Бирлигинин Эразмус Плюс программасынын долбоорлорунун колдоосу менен пилоттук программаларды пилоттук өткөрүүнүн алкагында башталган. Учурда КР илим жөнүндө мыйзамдарына КР ЖОЖдоруна PhD программаларын ишке ашырууга уруксат берүүчү өзгөртүүлөр киргизилди жана ведомстволор аралык эксперттер тобунун кароосуна коюлду.

 Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда PhD докторантурасын уюштуруу, программаларды ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча сунуштар иштелип чыгып, резолюция кабыл алынды. Тегерек столдун катышуучулары тажрыйба алмашууну, пикирлерди жана сунуштарды жемиштүү деп эсептешет жана бул маселелер боюнча максаттуу, системалуу иш алып баруу PhD программаларын өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар