Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Нарында бир нече социалдык объекттин курулушуна капсула салынды

Көрүлдү: 828

2021-жылдын 23-октябрында Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Арал-Там участкасында бир катар социалдык обьекттердин, атап айтканда, мектеп, бала бакча, ашкана, фельдшердик акушердик пункт жана мечиттин пайдубалы түптөлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, “Катар черити” кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы филиалынын директору Мохамад Хомам Алсамман, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нуридин Мадимаров жана айыл тургундары катышышты.

post.title

Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Курманбек Кудайбергеновдун айтымында, социалдык обьекттердин курулушуна 3 гектардан ашык жер бөлүнүп берилген. Анын ичинен 2 гектарына  120 орундуу мектеп, 50 орундуу бала бакча, ФАП, мечит, ашкана, футболдук аянтча, эки балдар ойноочу аянтча, суу топтоочу жайы бар таза суу системасы, жылытуу системасы болуп жалпы 15 объект курулат. Обьекттер бардык шарты менен курулуп, ички эмеректери дагы долбоор аркылуу камсыздалат.

Иш-чарада А. Абдраева курулуп жаткан социалдык объекттер айылдын инфраструктурасын жогорулатарын, бардык шарттары менен курулган заманбап мектеп келечекте билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун, ал эми спорт аянтчалары балдардын ден соолугун чыңдоого жана убактыларын туура пайдаланууга шарт түзөрүн белгиледи. Мындай кайрымдуулугу үчүн Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигине, “Катар черити” кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар