Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Скопус базасына макала жазуу боюнча жайкы окуу

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги үстүбүздөгү жылдын июль айында 25 жаш илимпоздор үчүн Скопус базасына макала даярдоо жөнүндө окуу уюштуруп жатат. Окууга катышуу бекер, бирок Бишкектен тышкары жашаган катышуучулар жол кире жана башка чыгымдарын өздөрү, же университеттери төлөш керек. Катышуучуларды тандоодо жергиликтүү университеттердин жана Жаш Окумуштуулар Кеңешинин мүчөлөрүнө артыкчылык берилет.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан колдоого алынган КР Билим берүү жана илим министрлигинин (КР ӨКМнин) кабыл алынган чечимине ылайык, Кыргызстандын ЖОЖдорун рыноктун жана дүйнөлүк тенденциялардын шартында эмгек рыногунун жана эл аралык аккредитациялоо уюмдарынын талаптарына жооп берген зарыл көндүмдөрдү, билимдерди түзүү жана жаңы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болууда. Ошондой эле, өзгөчө Scopus же Web of Science маалымат базаларында индекстелген эл аралык таанылган журналдардагы илимий басылмалардын санына көңүл буруу керек, алардын үлүшү эл аралык рейтингдерде 30 пайызга жакын.

Буга байланыштуу Батыш университеттеринин бул жаатта чоң тажрыйбасы бар Ph.D докторанттары тарабынан “Илимий изилдөөнүн заманбап ыкмалары жана Scopus журналдары үчүн макала жазуу” деген темада семинар/тренинг өткөрүү пландаштырылууда. Семинардын/тренингдин датасы 2023-жылдын 11-июлунан 14-июлуна чейин.

Атайын аныкталган критерийлер боюнча тандалып алынган 25ке жакын катышуучуларды кабыл алуу болот. Бул семинар/тренинг катышуучулары Scopus же Web of Science журналдарына макала жазып жана жарыялашы зарыл. Бул семинар/тренингге катышууга байланышкан негизги чыгымдар уюштуруучулар, атап айтканда Эразмус+ программасы, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана «Ала-Тоо» Эл аралык өнүктүрүү борбору» коомдук фонду тарабынан каржыланат.

Бул сынакка катышуу үчүн 2023-жылдын 30-июнунда саат 22:00гө чейин берилген шилтемеге кирип, төмөнкү документтерди жүктөңүз.

Шилтеме азыр иштеп жатат

Англис тилин билүү сертификаты, анын ичинде TOEFL, IELTS (расмий эмес да кабыл алынат) же жергиликтүү билим берүү мекемеси же борбор тарабынан берилген башка сертификат.


Кыскача маалымат/резюме, мурда жарык көргөн макалаларды жана алардын шилтемелерин/булагын көрсөтүү менен (DOI, же журналдын номери, чыгарылган жылы). Шилтеме/булак жок болсо, анда макалаларыңызды да ошол жерге жүктөй аласыз.

Англис тилинде жазылган мотивация каты жана сиздин изилдөө ишиңиздин потенциалдуу темасын, анын ичинде теманын актуалдуулугун жана сиздин изилдөө чөйрөңүздөгү заманбап теориялар жана моделдер менен байланышын сүрөттөгөн изилдөө планы (
research proposal) жүктөлүшү зарыл. Ошондой эле бул семинарга/тренингге катышуу үчүн сиздин квалификацияңыздын ылайыктуулугун баалоо үчүн толтурулган анкета шилтеме аркылуу толтурулат.

Тандалган катышуучулар өздөрүнүн компьютерлери же ноутбуктары менен келиши талап кылынат. Уюштуруучулуар тарабынан зарыл болгон софт программалар берилет.

Онлайн интервьюга эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар