Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илимий-практикалык конференция "2020-жылдын октябры: өбөлгөлөр жана факторло"

Көрүлдү: 0

--

post.title

2021-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасындагы 2020-жылдын октябрь окуяларына арналган “2020-жылдын октябры:өбөлгөлөрү жана факторлору” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга ата-мекендик окумуштуулар менен бирге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары А.Т. Абдраева катышты. Өз сөзүндө А.Т. Абдраева жыл ичинде Covid-19 пандемиянын шартына карабастан билим берүү жана илим жаатындагы, негизи жалпы министирликтин алгылыктуу жетишкендиктерине токтолду. Илим чөйрөсүн өнүктүрүүнүн негизги максаттарынын бири - жаштарды илимий, илимий- техникалык жана инновациялык иштерине тартуу, иш кагаздарды  санариптештирүү жана мектеп,мектептен тышкары жана кошумча билим берүү тармагындагы ийгиликтер тууралуу айтып кетти. Министирликтин ишмердүүлүгүн жогорулатып, калк менен байланышты жакшыртуу максатында  жыл ичинде министирликтин сайты жаныланды,илим жаатында илим, инновация жана жаны технологиялар концепциясы иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин кароосуна киргизилди.Онлайн окутуу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү тармагындагы былтыркы кемчиликтерди эске алуу менен жаны усулдар, ошондой эле пандемиядан кийин оффлайн окутууда мүчүлүштүктөр болбос үчүн тийиштүү программалар иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги пандемияга карабай  ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз так аткарып, илим жана билим берүүнү өнүктүрүү жолунда экенин маалымдоо менен сөзүн аяктады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар