Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ ИЛИМ ЖААТЫНДА АТКАРЫЛЫП ЖАТКАН ИШ АРАКЕТТЕРГЕ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Көрүлдү: 2454

Билим берүү жана илим министрлигинде 28-апрелде министрликтин Илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыковдун жетекчилиги астында Билим берүү жана илим министрлигинде илим жаатында аткарылып жаткан иш аракеттерге мониторинг жүргүзүлдү.

post.title

Жыйынга республикалык жогорку окуу жайлардын илим боюнча проректорлору катышты, ал эми аймактардагы окуу жайлардын өкүлдөрү видеоконференц-байланыш режиминде талкууга катышты.

Анда Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу маселесине басым жасалып, ал боюнча талкууга ЖОЖдордун активдүү катышуусу жана конкреттүү сунуш-пикирлерди берүүсү зарыл экендиги айтылды.

Мындан тышкары экономиканы туруктуу өнүктүрүүдөгү илимдин азыркы учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Жылдызбек Жакшылыковдун айтымында, ЖОЖдордо жүргүзүлүп жаткан ар бир илимий изилдөө иши өндүрүшкө байланып, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө өз салымын кошуусу тийиш. “Илим коомдон 20 жыл алдыда жүрүшү керек, ал үчүн бүгүн жапырт иш-аракеттерди баштап, заман талабынан артта калбастан, алдынкы технологияларга тийиштүү көңүл бурууга милдеттүүбүз”, - деди ал.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар