Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Бишкекте “School of Practical Science” аталышындагы илим-билим долбоорунун программасынын бет ачары болду

Көрүлдү: 1117

Ушул жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде “School of Practical Science” аталышындагы студенттер арасында интеллектуалдык жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү жайылтуу боюнча илим-билим долбоорунун программасынын бет ачары болду.

post.title

Программанын алкагында "Илимий жана өндүрүштүк процесстин терминологиясы", "Алынган маалыматтарды илимий түрдө берүү тартиби", "Биоэтиканын негиздери", "Медициналык статистика жана плагиатка каршы программа", "Лабораториялык изилдөөлөр", "Өздөрүнүн изилдөө темаларын бөлүштүрүү", "Өзүнүн оригиналдуу изилдөөсү", "Алынган маалыматтарды анализдөө", "Өзүнүн илимий макалаларын жазуу" сыяктуу темаларда семинарлар өткөрүлдү.

Программаны ишке ашыруунун максат-милдеттери: студенттерди университетте окуу процессинде илимий изилдөө иштерине жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоо, ошондой эле мугалим-изилдөөчү, мугалим-жаратуучу, көз карандысыз жана сынчыл ой жүгүртүүсү бар мугалимди калыптандыруу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар