Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
2023-жылдын конкурсу үчүн кулактандыруу

Көрүлдү: 0

2023-жылы 154 долбоор тандалып алынып каржылоого берилди.

post.title

Кулактандыруу!

2023-жылда мамлекеттик бюджет тарабынан каржылана турган илимий долбоорлор үчүн мамлекеттик органдардан мамлекеттик заказ иретинде илимий темалар келип түштү. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илимий техникалык кеңештин чечими менен төмөндөгү илимий темалар сынак катары жарыяланат. Аталган темаларга Кыргыз Республикасында эмгектенген бардык окумуштуулар өздөрүнүн долбоорлорун 2023-жылдын 1-январына чейин сунуштай алат. Министрликтин алдындагы эксперттик кеңешмелер окумуштуулар тапшырган долбоорлорду сапатына жараша тандап 2023-жылдын 6-январына чейин Министрликке корутунду берет. Тандалып алынган долбоорлор менен келишим түзүү 2023-жылдын 14-январына чейин аяктоого тийиш.

2023-жыл үчүн мамлекеттик заказ катары келген жана тандалган илимий темалардын тизмеси

Илимий долбоорлорду тапшыруу, текшерүү, баалоо процесси толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт. Сураныч, төмөндөгү вебсайт аркылуу тапшырыңыз, баалоо процессин билиңиз жана оң жыйынтыкка жеткен болсоңуз Министрликке келип Илим бөлүмү аркылуу 2023-жылга карата илимий долбоорду каржылоо боюнча келишим түзүңүз.

http://nir.edu.gov.kg

Долбоорду тапшыруунун формасы жана регламент

Кулактандыруу!

2022-жылда мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланган илимий долбоорлордун отчетун тапшырууга саналуу күндөр калды. Төмөндөү шилтеме аркылуу илимий ишиңер тууралуу маалымат берип, отчетту жүктөгүлө. Кагаз түрүндөгү отчетту болсо келишимде көрсөтүлгөн күнгө чейин Министрликтин илим бөлүмүнө тапшырыңыздар.

https://forms.gle/K5hAkeVq1u2SuYcV7

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар