Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
ШКУга мүчө мамлекеттер илим, технология жана инновация жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө даяр

Көрүлдү: 857

2021-жылдын 2-сентябрында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Билдирүү Кеңешинин илим, технология жана инновация жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча долбоорун талкуулоо үчүн эксперттик отурум (видеоконференция аркылуу) болду.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын, эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.

Мүчө-мамлекеттер орто жана узак мөөнөттө экономикалык өсүштүн жана глобалдык туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору катары илимий-техникалык инновациянын маанилүүлүгүн моюнга алуу менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ШКУнун алкагында окумуштуулар менен илимий уюмдардын ортосунда тажрыйба алмашуу, жаңы экономикалык өсүш булактарын издеп, жалпы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун ишке ашырмай болушту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар