Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Евразия экономикалык комиссиясы менен конференция уюштурулду

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 8-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз экономикалык университетинин базасында эл аралык конференция өткөрдү. Конференцияга илимий чөйрөдөн 70ке жакын даражалуу инсан катышты.

post.title

Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов сөз сүйлөштү.

Конференцияда министр Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович маанилүү баяндама жасады. Евразия экономикалык биримдигинин адаптивдүү потенциалы чоң, деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев.

Конференция алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин 2023–2024-жылдарга кызматташуу программасына ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана КЭУнун ректору Алмаз Кадыралиев кол коюшту.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар