Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
КНИИЖ менен жолугушу

Көрүлдү: 0

-----

post.title

2021-жылдын 14-августунда билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, Илим жана илимий-техникалык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Билбаева, профессор М. Жураев Кыргыз мал-чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунда жолугушуу өткөрүштү.

Илимий-изилдөө уюмуна баруунун максаты-коллектив менен таанышуу, республикалык бюджеттен каржыланган илимий долбоорлордун аткарылышын жеринен мониторинг жүргүзүү .

Коллектив менен болгон жолугушууда институттун эн маанилүү көйгөйлөрү талкууланды: каржылоонун аздыгы, конкурстун механизмдери, ошондой эле мамлекеттик заказдар бонча илимий программаларды ишке ашыруу сунуштары угулду.

Институттун директору М.С. Нурдинов ИИУнун долбоорлорунун эн маанилүү жактарын белгиледи, мал чарбасында актуалдуу болгон темаларын жана аларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи, ошондой эле өнүгүүнүн жаны векторлору аныкталды: эл аралык уюмдар менен кызматташуу , жаны жабдууларды алуу (Япония, Түштүк Корея).

Өз кезегинде Г.Ж.Билбаева коллективге конкурстун жаны эрежелери боюнча маалымдады : арыздарды кабыл алуу алгоритмдери, жаны отчеттун формалары жана конкурстун убактысы жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун аягында А.Т.Абдраева жаштарды илимге тартуу, изилденип жаткан долбоорлордун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторуна салым кошуу зарылдыгы боюнча өз пикирин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар