Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
“Кыргыз Республикасынын инновациялык өнүгүүсү үчүн маалыматтык ресурстар жана технологиялар” I Улуттук Форуму

Көрүлдү: 0

17- ноябрда А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги биргелешип , ProQuest, Elinepress, IDIogic, MIKRO information HandIin&Distribution FZE, IEEE, Ivpulse CentraL Asia, EBSCO, ИНФРА-М, АнтиПлагиаттын колдоосу менен “Кыргыз Республикасынын инновациялык өнүгүүсү үчүн маалыматтык ресурстар жана технологиялар” I Улуттук Форумун өткөрүштү.

post.title

Форумдун максаты – Кыргыз Республикасынын илимий жана билим берүүчү мекемелерин маалыматтык тейлөөнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле алардын эл аралык илимий жогорку рейтингдеги журналдарда жарыялануу активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык алдыңкы компаниялардын, басмаканалардын, агрегаторлордун жана АКШнын, Европанын, Россиянын, Өзбекстандын, БАЭнин, Түркиянын, Кыргызстандын окумуштуулары, Бишкек ш. жана регионалдык китепканалардын жетекчилери катышышты.

Форум Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин өнүктүрүү Улуттук программасын ишке ашыруунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптештирүү технологиясын жайылтууну активдештирүү боюнча кечиктирилгиз чаралары жөнүндө” Указынын, ошондой эле мамлекеттин санариптештирүү программасына китепканаларды интеграциялоо алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын программасы

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар