Көрүлдү: 0
Россия Федерациясынын Нижний Новгород шаарында 2022-жылдын 1-4-ноябрында КМШнын Аткаруу комитетинин 30 жылдыгына жана Россия Федерациясынын Илимдер академиясынын 300 жылдыгына арналган КМШга мүчө мамлекеттеринин "Чексиз илим" аттуу жаш окумуштууларынын форуму болуп өттү.
Аталган форумдун жыйынтыгында Социалдык илимдер секциясы боюнча эң мыкты изилдөө жүргүзгөндүгү үчүн II даражадагы диплом менен К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Илим жана инновациялар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Турукбаева Аида Канатбековна сыйланды.