Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Министрликте оозеки тарыхты заманбап изилдөө ыкмасы катары өнүктүрүү багытында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды

Көрүлдү: 1003

2021-жылдын 5-августунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева билим берүү жаатындагы адистер жана изилдөөчү тарыхчылар менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушууга министрликтин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, Борбордук Азиядагы Америка университетинин гуманитардык илимдер факультетинин деканы Данияр Карабаев, Борбордук Азия университетинин изилдөөчү тарыхчысы Ребекка Рамсай жана Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү реформасы боюнча улуттук эксперттер тобунун мүчөсү Гүлзада Дүйшөбаева катышты.

Катышуучулар илимди өнүктүрүү жана илимге салым кошуу максатында жаштарда руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууда кыргыз элинин руханий мурасын, оозеки тарыхын сактоо жана пайдалануу, жогорку окуу жайларда илимий кадрлардын потенциалын жогорулатуу, эл аралык стандарттарга ылайык изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртуу, илимий мектептердин жана институттардын программаларын жаңыртуу, заманбап технологияларды жана изилдөө ыкмаларын колдонуу, изилдөө этикасын өнүктүрүү, ошондой эле жаш изилдөөчүлөр үчүн жайкы/кышкы мектептерди уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Бул конструктивдүү диалог жана маалымат алмашуу катышуучулардын оозеки тарыхты заманбап изилдөө ыкмасы катары өнүктүрүү багытында ишке ашырып жаткан долбоорлору боюнча жүрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө оозеки тарыхый булактарды түзүү, документтештирүү жана архивдештирүү, санариптик оозеки архивдерди түзүү маселелерине көбүрөөк көңүл бурулду. Оозеки тарыхый булактарды чечмелөө жана илимий жүгүртүүгө киргизүү боюнча чараларды ишке ашыруу, семинарларды жана форумдарды өткөрүү, илимий басылмаларды даярдоо боюнча сунуштар айтылды.

Катышуучулар оозеки мурастарды, оозеки тарыхты сактоо жана колдонуу аракеттери туруктуу жарандык позицияга ээ болгон жаш муунду тарбиялоого таасирин тийгизет деп белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар