Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы

Көрүлдү: 23

Конкурстун жыйынтыгы
ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР АРАСЫНДА ЖАРЫЯЛАНГАН СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

2024-жылдын 14-ноябрында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн майрамдык иш-чаранын алкагында жаш изилдөөчүлөр жана окумуштуулар арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы угузулуп, жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин дипломдору тапшырылды.

Эске сала кетсек, сынак 2024-жылдын 24-сентябрында жаш изилдөөчүлөр жана окумуштуулар арасында жарыяланган. Ага окумуштуулук даражасы бар же жок экенине карабастан 35 жашка чейинки жаш илимпоздор катышкан. Жыйынтыгында конкурстук комиссия тарабынан 3 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталган.

«Жылдын эң мыкты илимий макаласы» номинациясы боюнча:

1-орун – Асилбеков Кыязбек Асилбекович;

2-орун – Жапаралиев Шербол Жапаралиевич;

3-орун – Окенов Арстанбек Окенович;

4-орун – Кадырова Бегимай Бакытбековна;

5-орун – Белек уулу Эсенбек.

«Жылдын эң мыкты инновациялык социалдык долбоору» номинациясы боюнча:

1-орун Шайымбетова Алтынай Рысбековна.

«Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинациясы боюнча:

1-орун – Дуулатов Элдияр Сапарбекович;

2-орун – Абдирасулова Жайнагүл Абдирасуловна;

3- орун – Алишер кызы Салтанат жана Эрнисова Айгерим Эрнисовна;

4-орун – Асаналиева Мээргүл Максуталиевна;

5-орун – Джаилова Асель Джумабековна.

Жеңүүчүлөр жана алардын эмгектери тууралуу кеңири маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштырылат.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар