Көрүлдү: 1677
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 3-сентябрына чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.
Ошондой эле документтердин топтомун кагаз түрүндө министрликтин 3-кабатында жайгашкан 311-кабинетке тапшыруу шарт.
Аталган стипендияны алуу үчүн дүйнөдөгү 100 мыкты университеттин бирине окууга өткөндүгүн тастыктоо зарыл. Ал окуу жайдагы жылдык стипендиянын көлөмү 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш.
Стипендия тууралуу толук маалыматты https://edu.gov.kg/posts/724/ шилтемесинен таба аласыз.