“ЭЛ ҮМҮТҮ” СТИПЕНДИЯСЫНА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Август 2022 ж. 13:36

Көрүлдү: 3578

КР Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына кабыл алуу 2022-жылдын 4-августунан башталарын маалымдайт.

post.title

Дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинен билимин жогорулаткысы келген талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берет:

1) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;

2) паспорт/инсандын күбөлүгү;

3) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайында 3,8 баллдан кем эмес жетишкендигинин орточо баллы менен (GPA) транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;

4) программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

5) чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;

6) жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;

7) эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.

Документтер топтомун: https://edu.gov.kg/announcements/102/ шилтемесиндеги формага тиркейт.

TOP-100 университет кайсылар десеңиз: https://www.topuniversities.com/university-rankings/world-university-rankings/2023  шилтемесин басыңыз.

Документтерди онлайн кабыл алуу 3-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары документтердин топтомун кагаз түрүндө министрликтин 3-кабатында жайгашкан 311-кабинетке тапшыруу керек.

Эскертүү!

Аталган окуу жайдагы жылдык стипендиянын көлөмү 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш.

Документтердин тизмесине жакшылап көңүл буруңуз. 100 мыкты университетти жогорудагы шилтемеден гана тандаңыз.

Суроолор боюнча 0312 620487 номерине кайрылсаңыз болот. 

Ийгилик каалайбыз!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар