Көрүлдү: 2573
2025-жылдын 27-28-июнунда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына өткөрүлгөн конкурстук тандоо жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдүн тизмеси бекитилди.
Белгилей кетсек, конкурстук тандоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомунун жана Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 30-майындагы № 594/1 буйругунун негизинде өткөрүлгөн.
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына өткөрүлгөн конкурстук тандоодо жеңүүчү аталган катышуучулардын тизмесин бул жерден көчүрүп алса болот.