Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРЛИК АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Көрүлдү: 1052

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги башкы (борбордук аппарат жана  райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы), улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 4-апрелинен тартып 2025-жылдын 15-апрелине чейин ачык сынак жарыялайт.

post.title

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

- жеке арызы;

- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);

- нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү;

- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. 

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.

Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 4-апрелинен тартып 2025-жылдын 14-апрели саат 18.00 чейин. 

Сурап билүү үчүн телефон: (0312) 62-05-09, кабинет № 219. (КР БИМ Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).

Көрсөтүлгөн үлгү боюнча резюмени толтуруу керек.

Толугураак маалымат алуу үчүн бул жерди басыңыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар