Көрүлдү: 2325
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.
Жалпы республика боюнча 747 бош орун бар. Сынак “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт.
Сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2024-жылдын 4-ноябрынан башталып, 2024-жылдын 18-ноябрына чейин болот.
Каттоо билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:
doo.talas@ncokoit.kg
doo.naryn@ncokoit.kg
doo.g.osh@ncokoit.kg
doo.chui@ncokoit.kg
doo.ja@ncokoit.kg
doo.batken@ncokoit.kg
doo.osh@ncokoit.kg
doo.ik@ncokoit.kg
doo.bishkek@ncokoit.kg
Сынактын экинчи этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин https://ncokoit.kg/ сайтына жарыяланат.
ТИРКЕМЕ - Бош орун, ТОКТОМ, БУЙРУК, РЕЗЮМЕ, АРЫЗ, МАКУЛДУК БЕРҮҮ
Кошумча маалымат Департаменттин төмөнкү телефондору аркылуу берилет: 0707 490 001, 0503 610 150, 0550 610 150.