Көрүлдү: 182
Билим берүү жана илим министрлиги КР БИМдин эксперттик кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.
ЭС мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү документтерди кагаз түрүндө министрликке (213 каб.) тапшыруусу керек:
- электрондук дарегин жана мобилдик телефондун байланыш номерин көрсөтүү менен эркин формадагы арыз;
- окумуштуулук даражасы/наамы жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- акыркы 5 жылдагы макалалардын тизмеси;
- иштеген жеринен эки рекомендация;
- кандидаттык жана доктордук диссертацияларды оппозирлөө жана рецензиялоо боюнча иштер жөнүндө тиешелүү чөйрөдөгү алдыңкы окумуштуулардын пикирлери;
- паспорттун көчүрмөсү.
Документтер үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрынан 2-октябрына чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат үчүн 620494, 0772 608004 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.
Толук маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/440/