Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

Көрүлдү: 5645

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.

post.title

Жалпы республика боюнча 762 бош орун бар. Сынак Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт.

Сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2024-жылдын 29-августунда саат 9:00дө башталып, 2024-жылдын 11-сентябрында саат 18:00дө аяктайт.

Каттоо билим берүү уюмунун аймактык таандыгына ылайык төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:

doo.talas@ncokoit.kg

doo.naryn@ncokoit.kg

doo.g.osh@ncokoit.kg

doo.chui@ncokoit.kg

doo.ja@ncokoit.kg

doo.batken@ncokoit.kg

doo.osh@ncokoit.kg

doo.ik@ncokoit.kg

doo.bishkek@ncokoit.kg

Сынактын экинчи этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби жөнүндө билдирүү талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбордун https://ncokoit.kg/ сайтына жарыяланат.

Улуттук борбордун төмөнкү телефондору аркылуу кошумча маалыматтар берилет:
0707 490 001,

0503 610 150,

0550 610 150.

БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН ТИЗМЕСИ

ТИРКЕМЕ

ТИРКЕМЕ/РЕЗЮМЕ

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар