Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ 15-ИЮНГА ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Көрүлдү: 1483

Билим берүү жана илим министрлиги бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

post.title

Тагыраагы, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

-    алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест)  3-июнда;

-    эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 7-июнда;

-    кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест)  11-июнда;

-    Кыргызстандын тарыхынан (оозеки)  14-июнда.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

-   эне тили жана адабиятынан (эссе) – 3-июнда;

-   математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест)  7-июнда;

-   Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 11-июнда;

- кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 14-июнда.

Буйрук

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар