Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КОНКУРСКА ДАЯРДАНУУ ҮЧҮН ПЕДАГОГИКА ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ БОЮНЧА СУРООЛОР ТЕХНИКАЛЫК СЕБЕПТЕРГЕ БАЙЛАНЫШТУУ УБАКТЫЛУУ ИШТЕБЕЙТ

Көрүлдү: 777

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын директорлорунун бош кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөөнүн багыттарынын бири, педагогика жана психологиянын негиздери боюнча суроолор Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун https://ncokoit.kg/index.php?page=84 сайтына жайгаштырылгандыгын буга чейин маалымдаганбыз. Бирок, техникалык себептерден улам убактылуу чектелүү.

post.title

Техникалык кемчиликтер жоюлган соң, талапкерлер тестирлөөгө даярдануу үчүн сайтты колдоно алышат. 

Белгилей кетсек, тестирлөө 100 суроодон турат. Тагыраагы:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү боюнча - 70 суроо;

- башкаруучулук компетенциялар - 10 суроо;

- педагогика жана психологиянын негиздери, логика боюнча - 10 суроо;

- башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмунун профили боюнча - 10 суроо

 

► Суроолор

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар