Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАЗАКСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ УЗАРТЫЛДЫ

Көрүлдү: 2727

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасындагы конкурстук тандоо узартылгандыгын билдирет.

post.title

Казакстан Республикасы Кыргыз Республикасынын жарандарына бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлгөн.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында “2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, форманы толтуруп, керектүү документтерди 2023-жылдын 9-июлу саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Толугураак - https://edu.gov.kg/announcements/238/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар