Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН 23 СТИПЕНДИЯ БӨЛДҮ

Көрүлдү: 727

Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 23 мамлекеттик стипендия бөлдү.

post.title

Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы “КЭР Өкмөтүнүн стипендиялары” программасына катталып, керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди 2022-жылдын 10-декабры саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча стажировка, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

Көңүл буруңуздар! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет!

Кененирээк - https://edu.gov.kg/announcements/165/

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519 номерлери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар