Кыргызстандын жарандары үчүн Кытай Эл Республикасы тарабынан 23 мамлекеттик стипендия бөлүндү

10 Ноябрь 2022 ж.

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында
бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасында окуу боюнча
конкурс жарыяланат

  1. жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун жана 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун негизинде, Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча  23 мамлекеттик стипендия бөлүндү (ШКУ Макулдашуу боюнча 12 орун жана ведомстволор аралык Макулдашуу боюнча 11 орун).

 

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

 

Бакалавр жана кытай тил такшалмасы программалырына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  1. Англис жана орус тилдеринде актуалдуу резюме;

  2. Паспортунун көчүрмөсү (2024-жылдын 1-мартына жарактуу болушу керек);

  3. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты же окууда жетишкендиги тууралуу маалым каттын көчүрмөсү;

  4. Кытай же англис тилинде study plan, 200 сөздөн кем эмес.

  5. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган  күбөлүгү (HSK), сөзсүз түрдө 3 деңгээлден төмөн болбошу керек;

  6. Окуу жайы тарабынан берилген эки сунуш кат (англис же кытай тилдеринде);

  7. Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);

  8. Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө күбөлүктөрдүн, дипломдордун, ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);

  9. Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалым кат;

  10. Соттолбогондугу боюнча аныктама;

  11. Үй-бүлө курамы жөнүндө аныктама.

Магистратура жана докторантура программаларына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  1. Англис жана орус тилдеринде актуалдуу резюме;

  2. Паспортунун көчүрмөсү (2024-жылдын 1-мартына жарактуу болушу керек);

  3. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн диплому же окууда жетишкендиги тууралуу маалым каттын көчүрмөсү;

  4. Кытай же англис тилиндеги изилдоо планы(research proposal), магистранттар үчүн - 500 сөздон кем эмес, докторанттар үчүн - кеминде 800 сөздон кем эмес болушу зарыл.

  5. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө 5 деңгээлден төмөн болбошу керек);

  6. Окуу жайы же жумушу тарабынан эки сунуш кат (англис же кытай тилдеринде);

  7. Университеттерден жана профессорлордон алдын ала чакыруу/кабыл алуу каты (Кытай тараптын талаптарына ылайык, магистратурага жана докторантурага тапшырган жана университеттерден жана профессорлордон алдын ала чакыруу/кабыл алуу катын алган талапкерлер Кытай өкмөтүнүн стипендиясын алууда артыкчылыкка ээ болушат);

  8. Англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);

  9. Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө күбөлүктөрдүн, илимий басылмалардын, дипломдордун, ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);

  10. Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалым кат;

  11. Соттолбогондугу боюнча аныктама;

  12. Үй-бүлө курамы жөнүндө аныктама.


 

Конкурска катышуучулардын жаш курагы боюнча критерийлер:

Арыз берген учурда конкурстук тандоонун катышуучулары:

 

- “Кытай тил такшалмасы” программасы боюнча – 18 жаштан жогоруу

- Бакалавр программасы боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин;

- Магистратура программасы боюнча - 35 жашка чейин;

- Докторанттар программасы боюнча - 40 жашка чейинкилер болушу керек.


 

Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу

Стипендия программасына катышуу үчүн, талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасында, Конкурстар ---> КЭР Өкмөтүнүн стипендиялары программасына катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди 2022-жылдын 10 декабрынын саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча стажировка, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

 

Көңүл буруңуздар! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет!

 

Техникалык текшерүү

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин (2023-жылдын 14-январы саат 23:59да) бардык берилген өтүнмөлөр талаптарга шайкештиги (бардык зарыл документтердин болушу) текшерилет.

Онлайн системасында ийгиликтүү жана өз убагында каттоодон өтүп, программанын талаптарына ылайык бардык талап кылынган документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноосуна катышууга уруксат берилет (алдын-ала тандоо).

 

Алдын-ала тандоо

Стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын-ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт. Алдын ала тандоону өткөрүү үчүн ЖОЖдордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн камтыган Уюштуруу комиссиясы түзүлөт. Бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы программаларына алдын-ала тандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

 

Кытай тил такшалмасы” жана “Бакалавр программалары боюнча билим алуу үчүн:

- Талапкерлер тарабынан берилген документтердин негизинде окууда жетишкендиги жөнүндө (академиялык) көрсөткүчтөрү жана тилди билүү деңгээли боюнча тандоо;

- Компьютерлик тестирлөө.

 

Көӊүл буруӊуз! Кытай тил такшалмасы программасы боюнча компьютерлик тестирлөөгө катышууну пландаштырган талапкерлер төмөнкү сабактар боюнча тестирлөөдөн өтүшөт: Кыргызстандын тарыхы жана “Адам жана коом.

Бакалавр программасы боюнча компьютерлик тестирлөөгө катышууну каалаган талапкерлер тандалган окуу багытына жараша тестирлөөдөн өтүшөт:

- Гуманитардык адистиктер - Кыргызстандын тарыхыжана “Адам жана коомсабактары боюнча;

- Техникалык адистиктер - “Математика” жана “физика” сабактары боюнча;

- Медициналык адистиктер - Химия жана “биология” сабактары боюнча.

 

Магистратура” жана “докторантура” программалары боюнча билим алуу үчүн:

- Талапкерлер тарабынан берилген документтердин негизинде окууда жетишкендиги жөнүндө (академиялык) көрсөткүчтөрү жана тилди билүү деңгээли боюнча тандоо;

- Маектешүү.

 

Эскерте кетүүчү нерсе, алдын-ала тандоонун бетме-бет этабтарына, башкача айтканда, компьютерлик тестирлөөгө жана маектешүүгө катышуу үчүн талапкерлердин жеке катышуусу талап кылынат. Болжол менен компьютердик тестирлөө жана маектешүү 2022-жылдын 20-декабрына чейин өткөрүлөт. Онлайн системасында (student.edu.gov.kg) ийгиликтүү катталып, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн күнү жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.

 

Көңүл буруңуздар! Объективдүүлүктү камсыздоо максатында жана тандоо, эксперттик жана апелляциялык комиссиялардын ички пайдалануусу үчүн сынактык тестирлөөнүн жүрүшүндө фото жана видеосъемка жүргүзүлөт. Бул тасма сынактын катышуучуларына, алардын ата-энелерине же башка жарандарга берилбейт.

 

Сунушталган талапкерлердин тизмесин Кытай тарапка жөнөтүү

Алдын-ала тандоонун натыйжалары боюнча, сунуш кылынган талапкердин тизмеси түзүлүп,  кытай тарабына андан ары тандоо жана акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.

 

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519 номерлери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

 

Баарыныздарга ийгилик каалайбыз !!!

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар