Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Мектеп» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы каттоого мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Биргелешкен мониторингдин алкагында кээ бир адамдар мыйзамдуу өкүлдөр (камкорчулар) катарында жасалма документтердин негизинде ар кандай маалыматтар менен балдарды электрондук түрдө катташканы аныкталды, бир эле мыйзамдуу өкүлгө төрт жана андан көп баланы электрондук түрдө каттоо фактылары айкындалды. Атап айтканда, Бишкек шаарындагы №29 мектеп боюнча 86 баланы мыйзамсыз каттоо фактылары айкындалды. Ушундай эле учурлар башка жалпы билим берүү уюмдарында да аныкталды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 16:42 544
Бүгүн Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өтүп жатат. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Чүй облустук мектеп-гимназиясында да бул салтанатка мектепти 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 15:28 950
Бишкек шаарындагы Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттагы “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышты
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 14:00 530
Бүгүн, 26-майда, Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өтүп жатат. Мындай салтанаттардын бири Бишкек шаарындагы А. Осмонов атындагы №68 орто мектепте да болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева катышты.
Автор: Документтик камсыз кылуу жана контролдоо бөлүмү (ДКККБ)
26 Май 2025 ж. 12:52 497
Өлкөнүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 26-майда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылындагы Т. Мурзабеков атындагы мектепте жана С. Мендебаев атындагы мектепте, ошондой эле аталган райондун Оргочор айылындагы М. Тынаев атындагы мектепте өткөн салтанаттуу иш-чараларга катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин 2024-2025-окуу жылынын аякташы менен жылуу маанайда куттуктап, изги каалоо-тилектерин айтты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 12:30 496
Министрлик бардык бүтүрүүчүлөргө байсалдуу сапар, кең келечек каалайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2025 ж. 7:25 963
Бүгүн, 23-майда, “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2025” республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Май 2025 ж. 18:53 816
2025-жылдын 23-майында Бишкек шаарындагы №35 жалпы билим берүүчү орто мектепте «Google мектеп» пилоттук долбоорунун жыйынтыктары чыгарылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Май 2025 ж. 17:05 1057
2025-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында Оксфорд шаарындагы Оксфорд университетине барды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Май 2025 ж. 15:22 675
Бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында өткөн Педагогикалык форумдун алкагында «Жаңы багыттар: 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана “Алтын Казык” программасы – билим берүүнүн сапатынын негизги көрсөткүчү» урааны менен жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын расмий түрдө ишке кириши белгиленди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Май 2025 ж. 10:56 1201
2025-жылдын 17 – 21-май күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында II Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасы (TASIMO) өткөрүлдү. Олимпиадага 13 мамлекеттен 240тан ашык окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын атынан катышкан 4 окуучу 1 алтын, 3 коло медаль жеңип алды, дагы үч окуучу Ардак грамота менен сыйланды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Май 2025 ж. 18:31 778
«Улуу мурас баланын жүрөгүндө»
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Май 2025 ж. 18:01 861
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 “Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдарга берилүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоо тартиби жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана илим министрлиги пилоттук аймактарда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Май 2025 ж. 17:54 680
Буга чейин 2025 – 2026-окуу жылына карата Бишкек шаарындагы бир катар жалпы билим берүү уюмдарында 1- жана 2-класстар үчүн кошумча орундар 2025-жылдын 23-майында ачылары тууралуу маалымат жарыяланган.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Май 2025 ж. 16:15 698
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025–2026-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын жогорку окуу жайларында билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарын конкурстук негизде тандоо башталгандыгы тууралуу жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Май 2025 ж. 16:12 1153