2025-жылдын 4 – 12-майында Сауд Аравиясында Азиялык физика олимпиадасы (APhO) болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы эл аралык аренада өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп, 2 коло медаль, 4 Ардак грамота (Honourable Mention) жеңип алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Май 2025 ж. 16:04 836
Бүгүн, 16-майда, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районундагы А. Жакшылыков атындагы орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулуш иштери менен таанышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Май 2025 ж. 14:28 621
Бүгүн, 16-майда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушту. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Аманкан Кенжебаев, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Илияз Ташкулов, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева, Юнисефтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, Сокулук районундагы мектеп директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары, мектепке чейинки били берүү уюмдарынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана райондун активисттери катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Май 2025 ж. 14:02 656
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” токтому менен төмөнкүлөр бекитилди:
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Май 2025 ж. 11:54 6073
Тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Эске сала кетсек, кечээ, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өлкөнүн агартуу министри кызмат ордуна Д. Кендирбаеванын талапкерлигин карап, жактырган.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Май 2025 ж. 18:28 1697
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Тич Фо Кейжи – Заманбап Мугалим” коомдук фондy менен биргеликте “Заманбап Мугалим” программасына катышуу үчүн ачык тандоону жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Май 2025 ж. 17:49 1816
Бүгүн, 15-майда Бишкек шаарында Кыргыз-Герман илим күнүнө арналган форум өтүп жатат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Май 2025 ж. 15:41 1422
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 18:33 2972
2025-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулган «Кийиз сыйкыры» аттуу кошумча билим берүү педагогдорунун арасында өткөн кесиптик чеберчилик боюнча республикалык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 17:44 1487
2025-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана донордук каражаттардын эсебинен жалпы билим берүү уюмдарынын 3 – 4-класстары үчүн “Англис тили” окуу-методикалык комплекстери (окуу китеби, жумушчу дептер, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо) басылып чыкты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 17:18 1004
2024-2025-окуу жылында азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектептердин суроо-талабынын негизинде республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 7 – 8-класстар үчүн “Кыргыз тили”, 7-класстар үчүн “Орус тили”, 7 – 10-класстар үчүн “Англис тили”, 7 – 8-класстар үчүн “Физика” окуу китептери Брайль шрифти менен басылып чыкты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 16:20 659
Бүгүн, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн агартуу министринин милдетин аткаруучу Д. Кендирбаева менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу Б. Орозовдун талапкерлиги каралды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 13:34 1535
Олимпиада Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында өтүп, ага дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүнөн келген жүздөгөн мыкты окуучулар катышкан.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Май 2025 ж. 10:13 581
2025-жылдын 7-13-майында Өзбекстандын Ташкент шаарында математика жана информатика боюнча III Эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү. Бул олимпиадага 9 өлкөдөн (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан) 205 окуучу катышып, Кыргызстандын намысын 8 математик, 4 информатик окуучу коргогон.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Май 2025 ж. 17:28 1524
2025-жылдын май айынын соңунда Кыргыз Республикасынын бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарынын 5 – 6-класстарынын окуучулары үчүн кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки түрдө класстан класска көчүрүү экзамендери өткөрүлөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Май 2025 ж. 17:17 2754