КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА III ЭЛ АРАЛЫК АЛЬ-ХОРЕЗМИ АТЫНДАГЫ ОЛИМПИАДАДАН 2 АЛТЫН, 5 КҮМҮШ, 2 КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Май 2025 ж. 17:28

Көрүлдү: 1140

2025-жылдын 7-13-майында Өзбекстандын Ташкент шаарында математика жана информатика боюнча III Эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү. Бул олимпиадага 9 өлкөдөн (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан) 205 окуучу катышып, Кыргызстандын намысын 8 математик, 4 информатик окуучу коргогон.

post.title

Информатика  
Информатика боюнча катышкан 4 окуучунун бардыгы медалга ээ болду: 1 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль

Медалдардын ээлери:
1. Рамазан Мананов, 9-класс, Сейтек STEM мектеби – алтын медаль  
   Тренерлери: Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев
2. Абдуллахан Абдирасулов, 9-класс, Ош лицейи – күмүш медаль  
   Тренерлери: Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев
3. Саид Джаникеев, 9-класс, профессор А. Молдокулов атындагы МТУМЛ – күмүш медаль 
   Тренери: Бексултан Алмазбеков
4. Актан Мавлянов, 8-класс, Intellect Pro мектеби – коло медаль  
   Тренери: Медербек Осмонов

Математика  
Математика боюнча 4 окуучу медаль утуп алды: 1 алтын, 3 күмүш, 1 коло медаль

Медалдын ээлери:
1. Арлан Саят, 7-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – алтын медаль  
   Тренерлери: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу
2. Ариет Акимов, 7-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – күмүш медаль 
   Тренерлери: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу
3. Бектен Абдувалиев, 7-класс, International School of Kyrgyzstan – күмүш медаль 
   Тренери: Мурат Абдувалиев
4. Адилет Шакиралиев, 9-класс, Купуев академиясы – күмүш медаль 
   Тренерлери: Шумкарбек Абдураимов, Мамат Ишматов
5. Бекнур Мажитов, 9-класс, Кадамжай "Семетей" лицейи – коло медаль 
   Тренери: Азамат Аскаров

Катышуу сертификатын алгандар:
1. Нурмухаммед Жаратов, 8-класс, Бишкек шаарындагы № 61 АФММЛ ОК
2. Жанатбек Курманбеков, 8-класс, Бишкек шаарындагы № 61 АФММЛ ОК
3. Барсбек Абдимиталипов, 9-класс, "Акылман" президенттик лицейи

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар