КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ГЕРМАНИЯНЫН ОРТОСУНДАГЫ ИЛИМИЙ КЫЗМАТТАШТЫК КЕҢЕЙҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Май 2025 ж. 15:41

Көрүлдү: 1002

Бүгүн, 15-майда Бишкек шаарында Кыргыз-Герман илим күнүнө арналган форум өтүп жатат.

post.title

Иш-чаранын максаты — эки өлкөнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана регионалдык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө өбөлгө түзүү.

Форумда Билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Габриэла Геллил жана Германиянын Илим, технологиялар жана космос боюнча федералдык министрлигинин өкүлү Флориан Франк сөз сүйлөштү.

Илим күнүнүн алкагында бир катар баяндамалар жасалып, илимди өнүктүрүү жана каржылоо маселелери талкууланды.

Буга чейин, 13-майда, Алматы шаарында Борбордук Азия менен Германиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өтүп, суу ресурстары, жашыл энергетика,  медицина, биотехнология, айыл чарба жана жаратылыш ресурстарын колдоо багыттарындагы кызматташтык маселелери каралды. Форумдун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар