Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
15 Май 2025 ж. 17:49
Көрүлдү: 1343
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Тич Фо Кейжи – Заманбап Мугалим” коомдук фондy менен биргеликте “Заманбап Мугалим” программасына катышуу үчүн ачык тандоону жарыялайт.
Бул — региондордогу мектептик билим берүүнү колдоого жана жаңы муундагы лидер-мугалимдерди даярдоого багытталган билим берүү демилгеси.
Teach for Kyrgyzstan – Заманбап Мугалим — билим берүүдөгү теңсиздикти жоюп, аз камсыз болгон коомчулуктарды колдоону көздөгөн, дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө иш алып барган эл аралык Teach For All тармагынын бир бөлүгү. Программа 2023-жылдын 22-мартында түзүлгөн. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде ишке ашырылууда жана эки жылдык мөөнөткө өлкөнүн айылдык жана кичи шаардык мектептеринде иштөөгө даяр таланттуу, мотивациясы жогору адистерди тартууга багытталган.
Дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү — башкаларды окуткандар үчүн
Программанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — жаңы форматтагы магистратура. Борбордук Азиядагы Эл аралык университет (БАЭУ) менен кызматташтыкта “Өзгөрүүлөр шартындагы педагогика” аттуу практикага негизделген магистратура иштелип чыгып, Заманбап Мугалим программасынын катышуучулары үчүн ишке киргизилген.
Эки жыл аралыгында жаратмандар — программанын катышуучулары — мектептерде иштеп жатып, билим берүү жана лидерлик багытындагы алдыңкы адистерден билим алышат. Окуу процесси аралаш форматта өтөт: БАЭУнун кампусундагы оффлайн сабактар онлайн сессиялар менен айкалышат, ошондой эле сабактардын бир бөлүгү жаратмандар иштеп жаткан мектептерде өтөт.
Программаны ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр эки дипломго ээ болушат:
🔸 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүсүндөгү диплом
🔸 БАЭУнун америкалык форматтагы институционалдык диплому
Бул мектепте иштөө менен катар, заманбап педагогикалык көндүмдөрдү жана лидерлик сапаттарды өздөштүрүүгө, магистратураны практика менен айкалыштырып окууга уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Жаратмандар деген кимдер?
Жаратман (кыргызча “жаратуу” деген сөздөн) — жөн гана мугалим эмес. Алар — билим берүү жаатын өзгөртүүгө умтулган, балдардын кыялдарын ишке ашырууга түрткү берген, өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилик алган лидерлер. Алар өз билимин жана демин эң зарыл болгон жерлерге алып барууга даяр кесипкөйлөр.
Программага ар кандай тармактардагы адистер катыша алышат
Программага катышуу үчүн педагогикалык тажрыйбанын болушу зарыл эмес. Биз ар бир жогорку билимдүү, балдар менен иштөөгө, өнүгүүгө жана өз салымын кошууга даяр адам жаратман боло алат деп ишенебиз. Катышуучулар мектепке жөнөтүлөрдөн мурун интенсивдүү даярдыктан өтүшөт жана программанын жүрүшүндө үзгүлтүксүз методикалык жана ментордук колдоо алышат.
🔸 БАЭУ менен өнөктөштүктө акысыз магистратура
🔸 Кесиптик жана лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүү
🔸 Стипендия жана расмий иш орду
🔸 Жайкы даярдоо жана үзгүлтүксүз методикалык колдоо
🔸 Тажрыйбалуу менторлор менен иштөө
🔸 Өз долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү
🔸 Жаратмандар коомчулугуна жана Teach For All эл аралык тармагына мүчөлүк
Биз төмөнкү талаптарга жооп берген ар кандай кесиптеги адистерди издейбиз:
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2025-жылдын 25-майына чейин ачык.
Өтүнмө берүү үчүн сайтка кириңиз: www.teachforkyrgyzstan.org
Программа тууралуу кеңири маалымат:
🔗 Teach for Kyrgyzstan сайты
📱 Instagram
📄 Өтүнмө берүүнүн жол-жобосу