Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
14 Май 2025 ж. 17:44
Көрүлдү: 1091
2025-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулган «Кийиз сыйкыры» аттуу кошумча билим берүү педагогдорунун арасында өткөн кесиптик чеберчилик боюнча республикалык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Сынактын негизги максаты — кийиз кол өнөрчүлүгүнүн салттарын сактоо жана өнүктүрүү, педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле балдарга кошумча билим берүү чөйрөсүндө чыгармачылык тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүү болуп саналат.
Салтанаттуу иш-чарада Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Динара Асекова сөз сүйлөп, катышуучуларды министрликтин атынан куттуктады:
«Көргөзмөгө коюлган ар бир эмгек өзгөчө элестерди тартуулайт. Кол өнөрчүлүк аркылуу - сиздер балдарга ата-бабалардан калган салттарды заманбап көз караш менен үйрөтүп жатасыздар. Бул — маданий мурастарды сактоого жана улантууга кошкон чоң салымыңыздар», — деп белгиледи ал.
Сынакка 2025-жылдын январь-март айларында өлкөнүн бардык аймактарынан жүздөгөн уникалдуу эмгектер келип түшкөн. Катышуучулар табигый кийизден жасалган панно, сүрөттөр, аксессуарлар, оюнчуктар жана интерьердик буюмдарды ар кыл техникаларда сунушташкан.
Бүгүн сынактын жеңүүчүлөрү дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышты.