Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Май 2025 ж. 16:12
Көрүлдү: 427
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025–2026-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын жогорку окуу жайларында билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарын конкурстук негизде тандоо башталгандыгы тууралуу жарыялайт.
“Кытай — Борбордук Азия” форматындагы өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин Бешинчи жолугушуусунун жыйынтыктарын ишке ашыруунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын билим берүү уюмдарына 2025-2026-окуу жылына бакалавр, колледж, стажировка (тил курсттары) программалары боюнча 15 (он беш) өкмөттүк стипендияга конкурс жарыялайт.
Кытай тарап билдиргендей:
1. Бакалавриат программасы боюнча — 5 орун;
2. Колледж программасы (专科生) боюнча — 3 орун (;
3. Стажировка (тилдик курстар) боюнча — 7 орун каралган.
Бул стипендиялар окуу акысын гана камтыйт. Жатакана, тамак-аш, медициналык камсыздандыруу жана башка кошумча чыгымдар студенттердин өз эсебинен камсыздалат. Ушуга байланыштуу, талапкерлерге стипендия шарттары жана окуу акысынын өлчөмү менен алдын ала жакшылап таанышып чыгуу сунушталат.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди pdf форматта тапшыруу зарыл:
Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн режиминде каттоодон өтүшү керек:
1-кадам. Порталы: https://bilim.gov.kg/ky
2-кадам. Чет өлкөдө билим алууга КР жарандарын кабыл алуу порталы бөлүмү https://student.edu.gov.kg/
3-кадам “2025-2026-окуу жылына Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын Өкмөтүнүн стипендиясы” программасы” графасынын керектүү талааларды толтуруу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди 2025-жылдын 28-майы саат 23:59га (Бишкек убактысы боюнча) чейин жүктөө керек.
Тутумдагы ар бир билим берүү программасы үчүн каттоо талапкер тандап алган билим деңгээлине (бакалавр, колледж, стажировка (тил курсттары)) ылайык жүргүзүлөт.
2. Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин (Бишкек убактысы боюнча) 2025-жылдын 10-июну саат 23:59) бардык келип түшкөн арыздар талаптарга жооп берүү жана бардык керектүү документтердин бар экендиги текшерилет.
Көңүл буруңуз: документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр четке кагылат!
Көз карандысыз тандоо комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде сунушталган талапкерлердин тизмеси кытай тарапка жөнөтүлөт, кытай тарапта акыркы чечимди кабыл алуу укугу калат.
Стипендиялык программага катышуу маселелери боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейинки +996 (312) 621193 телефондор боюнча берилет.
Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын университеттер боюнча, даярдоо багыттары, кабыл алуу баасы жана шарттары тууралуу маалыматтар орус жана кытай тилдеринде. тиркелет
Тиркеме (Кытай тилинде), Тиркеме (Орус тилинде),
Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз !!!