Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Май 2025 ж. 18:53
Көрүлдү: 337
Бүгүн, 23-майда, “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2025” республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Сынактын финалдык этабына шаардык жана облустук деңгээлде жеңишке жетишкен 9 команда катышты. Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан келген орто мектептердин окуучулары катышты.
Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон командалар:
1-орун — «Ак-Жол» командасы, Чүй облусу
2-орун — «Светофор» командасы, Баткен облусу
3-орун — «Светофор» командасы, Ош облусу
Командалар беш номинацияда күч сынашты:
- Саптык кароо,
- Жаш жол кыймылын жөнгө салуу сынагы,
- «Жол кыймылынын эрежелеринин билермандары» викторинасы,
- Агитбригадалардын чыгышы,
- «Жол эрежелеринин өлкөсү» тапшырмасы
Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү кароо-сынагы (ЖКЖТ) балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана алардын жолдо коопсуз жүрүү тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлөт. Бул сынак мектеп окуучуларына көчөдө коопсуз жүрүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле үгүт-насаат иштеринин формасын жана методун өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.