Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Май 2025 ж. 18:31
Көрүлдү: 411
2025-жылдын 17 – 21-май күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында II Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасы (TASIMO) өткөрүлдү. Олимпиадага 13 мамлекеттен 240тан ашык окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын атынан катышкан 4 окуучу 1 алтын, 3 коло медаль жеңип алды, дагы үч окуучу Ардак грамота менен сыйланды.
Сыйлангандардын тизмеси:
1. Акимов Ариет – 7-класстын окуучулары арасында алтын медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу
2. Эшперов Нурсултан – коло медаль, 11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби
3. Капаров Нурдөөлөт – коло медаль, 11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби
4. Мусаходжаев Султан – коло медаль, 9-класс, Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназия
5. Киргизбаев Назар – Ардак грамота, 11-класс, Бишкек шаарындагы №61 АФММЛ
6. Акенеев Тимур – Ардак грамота, 10-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби
7. Саят Арлан – Ардак грамота, 7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби.
Олимпиадага катышууга математика боюнча Кыргызстандын курама командасы, өткөн жылдагы TASIMO олимпиадасынын жеңүүчүлөрү жана биринчи турда https://olympiad.nordicuniversity.org/ru сайтында онлайн катышкан окуучулар чакырылган.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Коло медаль ээлери 400 АКШ долларын, күмүш медаль ээлери – 600 АКШ долларын, алтын медаль ээлери – 1000 АКШ долларын алышты. 3 – 9-класстардын окуучуларынын акчалай сыйлыктары машыктыруучулар менен окуучулардын ортосунда бөлүштүрүлдү.
Окуучуларды олимпиадага Газпром Кыргызстан мектебинин тренерлери Мамат Ишматов жана Бекжол Жолдубай уулу даярдаган.
Тапшырмаларды түзүү, текшерүү жана координациялоо үчүн Чехия, Иран, Малайзия, Словакиядан белгилүү машыктыруучулар чакыртылган.