АГАРТУУ МИНИСТРИ Д. КЕНДИРБАЕВА ОКСФОРД УНИВЕРСИТЕТИНЕ БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Май 2025 ж. 15:22

Көрүлдү: 379

2025-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында Оксфорд шаарындагы Оксфорд университетине барды.

post.title

Университеттин академиялык иштер боюнча проректору, профессор Мартин Вильямс министрге окуу жайдын тарыхы, билим берүү жана илимий ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди. Ал ошондой эле Оксфорд университети Кыргыз Республикасынын студенттери жана изилдөөчүлөрү менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экенин жана кызматташууга даяр экенин билдирди.

Кыргыз делегациясына “Жер жөнүндө илимдер” департаментинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Аталган маалыматты департаменттин жетекчиси Майк Кендал менен профессор Ричард Волкер берди. Алар жер титирөө жана тектоникалык изилдөөлөрдү спутниктен жана жер үстүндөгү маалыматтар аркылуу жүргүзүү ыкмалары тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, Оксфорд университетинин окумуштуулары Кыргызстандагы университеттер менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту менен кызматташуу тажрыйбасы тууралуу кеп кылышты.

Өз кезегинде министр Д. Кендирбаева дүйнөдөгү эң эски жана алдыңкы университеттердин бири болгон Оксфорд университетине чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда англис тилин окутууну өнүктүрүү жана илим-технология жаатында кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи. Ал геология, геотермалдык булактарды энергия өндүрүүгө пайдалануу, ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы жер кыртышынын сейсмикалык активдүүлүгүн изилдөө боюнча биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.

Жолугушууда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев университеттин ишмердүүлүгү, анын ичинде жер титирөөгө туруктуу курулуш, геодезия жана геоинформатика багыттарында кадрларды даярдоо, ошондой эле илимий-изилдөө жана билим берүү долбоорлору тууралуу презентация жасады.

Жыйынтыгында тараптар “Эл үмүтү” программасынын алкагында магистранттарды жана PhD докторлорун даярдоо, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар